Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

УКМК Алайдагы автобекет мамлекетке кайтарылганын билдирди


Гүлчө айыл аймагындагы автобекет. УКМК тараткан сүрөт
Гүлчө айыл аймагындагы автобекет. УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Алай районундагы борбордук автобекет мамлекетке өткөнүн 19-апрелде билдирди. Маалыматта Гүлчө айыл аймагында жайгашкан бул жайдын базар баасы 65 миллион 350 миң сом деп бааланганы, ал мурда “Гүлша-автобекети” мамлекеттик акционердик коомго таандык болгону, кийин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени жазылган.

“Тиешелүү текшерүүнүн жүрүшүндө “Гүлша-Автобекети” мамлекеттик акционердик коомунун жооптуу адамдары, өздөрү тиешелүү болгон мамлекеттик ишкананын акцияларынын 70%, жалпы аянты 0,42 гектарга жакын жер тилкесин жана 135 чарчы метрди түзгөн административдик имаратын сатып жибергени аныкталды. Мындан тышкары, ушул эле адамдар Гүлчө айыл аймагынын кызмат адамдары менен ич ара сүйлөшүп алып, 2015-жылы укук белгилөөчү документтерди алышкан. Аталган автобекет учурда коомдук базар катары иштеп, соода түйүндөрүн ижарага берүүдөн ай сайын 500 миң сомго жакын киреше жеке чөнтөккө түшүп турган”, - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө иштери жүрүп, 0,42 гектар жер тилкеси менен борбордук автобекет жана 135 чарчы метрлик административдик имарат ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды.

Атайын кызмат жеке менчикке мыйзамсыз өткөн деген негиз менен бир катар имараттар мамлекетке кайтарылганын маалымдап келет. Мисалы, 5-апрелде Бишкекте 196,2 млн сомго бааланган республикалык маанидеги архитектуралык эстелик - эки кабаттуу имарат мамлекетке өткөнүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG