Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Орусияда 76 жаштагы окумуштуу «мамлекетке чыккынчылык» деген айып менен жети жылга соттолду


Александр Курановду сотко алып баратышат. 2021-жыл.
Александр Курановду сотко алып баратышат. 2021-жыл.

Орусияда Гипер ылдамдык системалары боюнча илимий-изилдөө ишканасынын мурдагы башкы директору, техника илимдеринин доктору, 76 жаштагы Александр Куранов «мамлекетке чыккынчылык» деген айыптын негизинде жети жылга эркинен ажыратылды.

Санкт-Петербург шаардык сотунун 18-апрелдеги өкүмүнө ылайык, жаза мөөнөтүн ал катаал тартиптеги абакта өтөп, 100 миң рубль айыппул төлөөгө милдеттүү болот.

Куранов 2021-жылдын август айында кармалган. Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) ал илимий иштеп чыгуулар тууралуу мамлекеттик купуя сыр камтылган маалыматты чет өлкөлүк жаранга өткөрүп берген деп айыпталып жатканын жазып чыгышкан.

Куранов – 120 илимий иштин автору, ал аэрокосмостук ишканаларда эмгектенген окумуштуулардын ишин координациялачу, эл аралык форумдарга катышчу жана бир нече жыл "Аэродинамикадагы термохимиялык жана плазмалык процесстер" деген темада Орусия-АКШ эл аралык симпозиумдарын уюштуруп келген.

Соңку жылдары Орусияда бир нече илимпоз жана мамлекеттик кызматкер чыккынчылыкка айыпталып, купуя сыр материалдарды чет өлкөлөргө өткөрүп берген деп жоопко тартылды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG