Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:46

Футзал: Кыргызстан Азиянын учурдагы чемпиону Жапонияны жеңди


Кыргызстан менен Жапониянын футзал боюнча улуттук курама командалары. 18-апрель, 2023-ж.
Кыргызстан менен Жапониянын футзал боюнча улуттук курама командалары. 18-апрель, 2023-ж.

Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан футзал боюнча 2024-жылдагы Азия Кубогунда Кыргызстандын улуттук курама командасы Жапониянын спортчуларын жеңип алды.

18-апрелде болгон оюн 3:2 эсебинде кыргыз футзалчыларынын пайдасына аяктады. Кыргыз тараптан голду Самат Жанат уулу, Максат Алимов жана Кайрат Кубанычов киргизди.

Жапония курама командасы Азиянын төрт жолку чемпиону (2006-ж., 2012-ж., 2014-ж., 2022-ж.). Кыргызстан бул мелдеште 2005-жылы коло байгеге ээ болгон.

Маалым болгондой Кыргызстан менен Жапониянын футзал боюнча курама командалары буга чейин 10 жолу беттешкен. Бир оюнду Кыргызстан утса (Азия кубогу, 2016-ж.), тогуз жолу Жапония жеңген.

Футзалдан Азия Кубогу 1999-жылдан бери өткөрүлүп келет. 2010-жылга чейин жыл сайын болсо, 2010-жылдан тартып, эки жылда бир жолу Кубоктун ээси аныкталат.

Быйылкы мелдеш Бангкок шаарында 18-апрелден 28-апрелге чейин өтөт. Ага 16 команда катышууда.

Кыргызстан С тайпасына Жапония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен бөлүнгөн. Алдыда 20-апрелде Тажикстан, 22-апрелде Түштүк Корея менен беттешет.

Азия кубогуна 16 команда катышууда. Тайпалык оюндардан кийин 8 команда плей-оффко чыгат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG