Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

ИИМ депутаттын министр Ниязбеков тууралуу сынына жооп берди


Ички иштер министри Улан Ниязбеков Жогорку Кеңеште ант берип жаткан учуру. Бишкек. 13-октябрь, 2021-жыл.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Жогорку Кеңеште ант берип жаткан учуру. Бишкек. 13-октябрь, 2021-жыл.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарованын министр Улан Ниязбековдун дарегине айткан сынына жооп берди. Министрлик басма сөз кызматы 18-апрелде тараткан билдирүүсүндө депутатты "негизсиз сындоодон алыс болууга" чакырды.
"Парламенттин депутаты, милициянын мурдагы тергөөчүсү Айгүл Айдарова ИИМдин жетекчилигин жана укук тартибин тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу, эмгек шарттарын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды коомчулуктун алдында терс мүнөздө көрсөтүү үчүн колдон келишинче аракет кылып жатканы байкалууда. Буга байланыштуу, депутат айымды негизсиз сындоодон алыс болуп, калыс позицияны карманууга чакырабыз", - деп жазылган анда.

Билдирүүдө ошондой эле министр Ниязбеков жетекчилик кызматка дайындалгандан бери Ички иштер министрлиги жана анын бөлүктөрү алгылыктуу иштерди жасаганы айтылат. Ага мисал катары материалдык-техникалык жактан камсыздоо жакшырганы, үч жылдын ичинде 61 объект курулуп, пайдаланууга берилгени, андан тышкары көптөгөн объектилер оңдоодон өткөрүлгөнү, санариптик технологиялар ишке киргени белгиленген.

Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн тартиптик жаза колдонулуп келери, ички иштер органдарында тартипти сактоого көңүл бурулары жазылган. Ички иштер органдары коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук бузууларды алдын алуу боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып келе жатышканы белгиленген.

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова парламенттин 18-апрелдеги жыйынында ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылган. Ал Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылып, Улан Ниязбековдун ишмердигин текшерүү сунушун берип, “министр ички иштер органдарынын кызматкерлерине көңүл бурбай, жеке иши менен эле алектенип жүрөт” деп сындаган.

Ниязбеков 1998-жылдан бери укук коргоо тармагында иштейт. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин ички иштер министри болуп дайындалган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG