Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанга барды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев. Астана. 18-апрель, 2024-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев. Астана. 18-апрель, 2024-жыл.

Астананын аэропортунан Кыргызстандын лидерин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды. Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар өтүп, кызматташтыкты бекемдөө тууралуу жаңы документтерге кол коюлат. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады.

Президент Жапаров казак лидеринин чакыруусу менен барган эки күндүк сапар алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Казак-кыргыз мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынына катышат.

Ошондой эле эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда Астананын борбордук көчөлөрүнүн биринде Айкөл Манастын эстелигинин ачылыш аземи болот.

Былтыр эки өлкөнүн өз ара соодасынын көлөмү 1 млрд 317 млн долларды түзүп, ал 2022-жылга салыштырмалуу 11,6% көбөйгөн.

Товар жүгүртүүнүн көлөмүн быйыл 2 млрд долларга жеткирүү пландалып жатканы кабарланган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG