Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:36

Ооганстанда талиб өкмөтүнүн чечими менен эки телеканал жабылды


Ооганстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстанда «ислам жана улут баалуулуктарын бузду» деген негизде эки телеканалдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн 18-апрелде «Талибан» өкмөтүнүн өкүлү Хубайб Гуфранга шилтеме жасап France Presse агенттиги жазды.

Анын айтымында, «Барья» жана «Нур» телеканалдарынын иши «журналисттик принциптерди бузду» деген негизде токтотулду.

«Алардын көрсөтүүлөрү коомчулукту адаштырууда. Ээлери болсо чет өлкөдө жашашат», — деген Гуфран телеканалдардын ээлери «Талибан» өкмөтүнө каршы көз карашта экенин, алар Ооганстанга барып, бийликтин суроолоруна өзүлөрү жооп бермейинче ишине уруксат жок экенин кошумчалады.

Эл аралык укук коргоо уюмдары «Талибан» өкмөтү Ооганстанда сөз эркиндигин кысымга алып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин иштөөсүнө бут тосуп келатканын айтып жатышат.

Ооганстандын журналисттер борборунун (AFJC) маалыматына караганда, «Барьянын» эфиринде мурдагы өкмөт башчы Гүлбеддин Хекматиярдын «Талибан» өкмөтүнүн иши тууралуу пикири көрсөтүлгөн, ал эми "Нур" телеканалы музыка койгону, алып баруучу аялдар эфирге жылаңбаш чыкканы үчүн эскертүү алган.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШга террордук чабуул жасалгандан кийин Кошмо Штаттар баштаган НАТОго мүчө бир нече өлкө «Талибанга», «ал-Каидага» каршы согушун жарыялап, Ооганстанга өз аскерлерин жөнөткөн. Он жылдан кийин операция алкагында бул өлкөдө калган америкалык аскерлердин контингенти 110 миңге жеткен. 2021-жылы 15-августта талибдер Кабулду толук өз көзөмөлүнө алышкан, 31-августка караган түнү америкалык аскерлердин баары чыгып кетишкен.

Бийлик 20 жылдан кийин кайрадан колуна тийген «Талибан» «инклюзивдик өкмөт» түзүү, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган.

Кыргызстан азырынча “Талибанды” Ооганстандын расмий бийлиги деп тааныбай турганын 6-апрелде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Азаттыкка” билдирген. Ал расмий Бишкек учурда Ооганстандагы кырдаалга тыкыр көз салып, гуманитардык абалды жөнгө салууга салым кошуп жатканын айтып, ""Талибанды" биз дипломатиялык жол менен тааный элекпиз. Аймакта азырынча эч бир өлкө тааный элек. Казакстан террордук уюмдардын тизмесинен чыгарды, Орусия да чыгарарын айтып жатат", - деген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG