Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:22

Сот экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевди камакта калтырды


Камчыбек Жолдошбаев
Камчыбек Жолдошбаев

Бишкектин Биринчи Май райондук соту салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шек саналып кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин камактагы мөөнөтүн 19-июнга чейин узартты. Райондук сот мындай токтомду 16-апрелде кабыл алганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Беш-Сары” ишканасынын негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев кармалганын 22-февралда билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, “Беш-Сары” компаниясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсеп жүргүзүп келгени аныкталган. Атайын кызмат мындан сырткары документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайда жасалма түрдө төмөндөтүлүп, салык органдарына жалган маалыматтар берилип турганын кабарлаган.

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 2023-жылы декабрь айында атайын кызматтын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып ири соода-сатык комлекстеринин ээлерин өлкөдөгү эң бай адамдар катары сыпаттап, Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алкановдун аттарын атаган.

Ал: “Кыргызстандагы базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү”, - деп айткан.

Камчыбек Жолдошбаев - “Беш-Сары” компаниясынын негиздөөчүсү жана кожоюну. Ал парламенттин VI чакырылыштагы депутаты болгондо айрым талкуу жараткан билдирүүлөрү менен таанылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG