Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:13

Президент Жапаровдун Казакстанга расмий сапары башталууда


Садыр Жапаров. Архив.
Садыр Жапаров. Архив.

Президент Садыр Жапаров 18-апрелде расмий сапары менен Казакстанга учуп кетти. Мамлекет башчы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 18-19-апрелде боло турган сапардын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкөнүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынына катышат.

Ошондой эле эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда Астананын борбордук көчөлөрүнүн биринде Айкөл Манастын эстелигинин ачылыш аземи болот.

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев, министрлер жана үч облустун губернаторлору бар.

2023-жылы эки өлкөнүн өз ара соодасынын көлөмү 1 млрд 317 млн долларды түзүп, ал 2022-жылга салыштырмалуу 11,6% көбөйгөн. Кыргызстандын экспорту 455,7 млн доллар (өсүү 10,9%), импорт 862,2 млн доллар (өсүү 11,9%) болгон.

Расмий Бишкек менен Астана товар жүгүртүүнүн көлөмүн быйыл 2 млрд долларга жеткирүү планын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG