Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:46

"Чек арасыз кабарчылар" Алсу Курмашеваны тез арада бошотууга чакырды


Алсу Курмашева.
Алсу Курмашева.

«Чек арасыз кабарчылар» (Reporters Without Borders - RSF) эл аралык уюму Орусияда камалган «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы, журналист Алсу Курмашева жарым жылдан бери адам чыдагыс жана басынтуучу шартта кармалып турганын белгилеп, орус бийлигин аны тез арада бошотууга чакырды.

Курмашева эч негизсиз кармалганын, аны эркиндикке чыгаруу зарыл экенин буга чейин да айтып келген уюм кабарчынын саламаттыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Ошону менен катар АКШ бийлиги да аны бошотуу боюнча аракетин күчөтүшү керек экенин белгиледи:

«Орус түрмөсүндөгү эң начар шарттан улам Алсу Курмашеванын саламаттыгы барган сайын начарлоодо. Бийлик анын америка жараны катары ээ болгон укуктарын дайым четке кагып келет. Ага АКШнын консулдук жардамын алуусуна уруксат бербөө Консулдук мамилелер жөнүндөгү Вена конвенциясынын (ВККС) одоно бузулушу болуп эсептелет. RSF АКШ өкмөтүн Курмашеваны абактан бошотуу боюнча аракетин активдештирүүгө чакырат».

Уюмдун кайрылуусуна Курмашева АКШ жараны катары америкалык консулдукка жардам сурап кайрылууга укуктуу экени, бирок орус бийлиги андай өтүнүчтөрүн улам четке кагып келатканы, кармалгандан бери күйөөсү, 12 жана 15 жаштагы кыздары, оорукчан карыя апасы менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканы айтылды.

Курмашеванын күйөөсү Павел Буторин 1-апрелдеги сот отурумунда тартылган чакан видеону 1-апрелде Х социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) жарыялаган. Анда ал кышкысын жылытылбаган, эки керебет жана текче гана коюлган, жылуу суусу жок беш чарчы метрлик чакан камерада отурганын, абактагы шарты аябай начар болуп жатканын, медициналык жардам "минималдуу" экенин айтып берген.

Орусия RSF уюмунун 2023-жылдын жыйынтыгындагы Сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк индексинде 180 уюмдун арасынан 164-орунду ээлеген.

1-апрелде Татарстандын борбору Казан шаарынын Совет райондук соту тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Курмашеваны 5-июнга чейин абакта кармоо чечимин кабыл алган.

Ал эми жактоочунун журналистти үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчүн четке каккан.

Сот отурумуна АКШнын башкы консулу Стюарт Уилсон да катышкан.

АКШнын жана Орусиянын жараны, Чехиянын борбору Прагада жашаган Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барган. Июнда кайра кайтып жаткан учурда аны аэропорттон кармап, эки паспортун тең алып коюшкан.

11-октябрда Казан соту Курмашеваны «экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес» деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айыппул салган.

18-октябрда «чет өлкөлүк агент катары каттоого турган эмес» деген жаңы айып тагылып, журналист камакка алынган. Мындай кине менен соттолгонор беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

12-декабрда айрым маалымат каражаттары Курмашевага «орусиялык аскерлер тууралуу фейк маалымат тараткан» деген айып тагылып жатканын, анын жазасы 10 жылга чейин эркинен ажыратуу экенин жазышкан.

18-декабрда Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Орусияны Курмашеваны «тез арада бошотууга» дагы бир жолу үндөгөн.

Орусиянын белгилүү «Мемориал» укук коргоо уюму Курмашеваны саясий туткун деп тааныган.

Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG