Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:16

ТИМ Оренбургда суу ташкында жабыркагандар тууралуу маалымат берди


Суу каптаган Оренбургдун дрондон тартылган көрүнүшү. 11-апрель, 2024-жыл.
Суу каптаган Оренбургдун дрондон тартылган көрүнүшү. 11-апрель, 2024-жыл.

Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Оренбург облусундагы суу ташкындан жабыр тарткан кыргызстандыктар катталбаганын билдирди. Маалыматта министрлик Орусиядагы элчилик менен чогуу бул аймакта жашаган кыргыз диаспоралары менен байланышып, абалга байкоо салып жатканы жазылган.

"18-апрелге карата элчиликке Кыргызстандын жарандарынын жабыркаганы боюнча маалымат түшкөн жок. Ал эми орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын үйүн суу каптаганы тууралуу маалымат ырасталды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Орусиянын Казакстан менен чектеш түштүк аймактарында, Оренбург облусунун Орск шаарынан башталган сел Кемерово жана Томск облустарына жеткен. Күн жылып, кар эрий баштагандыктан, Урал жана Тобол дарыяларында суу ташкындап жатат. Он миндеген кишилер эвакуация болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абал көзөмөлдө экенин айтууда.

“Азаттык” 15-апрелде Оренбург облусунда жашаган орус жарандыгын алган кыргыз тектүү ондой үй-бүлөнүн үйүн суу каптаганын аныктаган.

26-марттан бери Казакстандын түндүгүндө жана батышында сел жүргөн аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Костанай жана Павлодар, жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Айрыкча оор абал Атырау облусунун 65 миң калкы бар Күлсары аймагында түзүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG