Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:48

Элмирбек Иманалиевге "Эмгек баатыры" наамы берилди


Элмирбек Иманалиев.
Элмирбек Иманалиев.

Кыргызстандын Эл артисти Элмирбек Иманалиевге "Эмгек баатыры" наамы берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 18-апрелде Улуттук "Манас" театрынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде сүйлөп жатып билдирди. Ошондой эле манасчы Рысбай Исаковго Эл артисти, төкмө акын Баян Акматовго "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер", "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулуна "Даңк" медалы ыйгарылды.

Ал эми төкмө акын Изат Айдаркулова менен дастанчы Улукбек Токтоболот уулу мамлекеттик "Ардак грамотасы" менен сыйланды.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган.

Айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тартып аралаша баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштардын баш байгелеринин ээси болгон.

Акын 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында оорудан улам мезгилсиз өмүрдөн өткөн.

Көзү өткөндөн кийин жакындарынын демөөрчүлүгү менен “Аманат” жана “Ак таңдагы ак бата” деген китептери жарык көргөн. 2023-жылы "Аманатты" казак акыны Айбек Калиев которуп, казак тилинде басылып чыккан. Ал эми анын туулган күнүнө карата уюштурулган эскерүү концерти жыл сайын өткөрүлүп келет.

Иманалиевдин ысымы буга чейин Улуттук "Манас" театрындагы төкмө акындар мектебине ыйгарылган. (MZh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG