Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:14

Айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай калды


TikTok платформасы.
TikTok платформасы.

Кыргызстанда айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай же үзгүлтүккө учурап жатат. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда.

Кээ бир интернет провайдерлерде TikTok иштеп жатат. Андан тышкары VPN менен да ачылууда.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 17-апрелде өлкөнүн интернет-провайдерлерине TikTok'ту бөгөттөө боюнча кат жөнөткөн. Аталган мекемеге бул платформаны жабуу боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кат жолдогон. Анда кыргыз сегментинде айрыкча балдар үчүн контенттерге көзөмөл болбой жатканы айтылган.

2023-жылдын 30-августунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда TikTok'ту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүшүнө, саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн негиз кылган. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине кат жөнөтүлгөн.

Виртуалдык жеке түйүн (VPN) колдонуучунун жеке маалыматын жана анын кайда турганын, серверге кайдан кошулганын жашырууга жол берет. Дүйнөдө интернет коопсуздугунан улам VPN түйүндөрүнүн популярдуулугу артууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG