Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:14

Ташиев коррупцияга аралашкан депутаттарды “тазалоо” иштери жүрүп жатканын айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 17-апрелде Шамалды-Сай шаарында Чек ара кызматынын кызматкерлерине 67 батирлүү жаңы көп кабаттуу үйдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында айтты.

“Парламентке жалаң эле коррупционерлер жана алардын туугандары келбеши керек. Келгендерин “тазалап” атабыз. Мындан кийин да ушундай болот. Акыркы убакта парламенттен 5-6 депутат кетти. Алардын көбү мандатын өз ыктыяры менен тапшырды. Себеби, биз аларга өз ыктыяры менен кеткенге мажбур кылып мыйзамсыз иштерин көрсөтүп атабыз. Ал эми кетпегендерин же мыйзамды бузгандарды жоопко тартып атабыз. Мунун баары мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатат”, - деди ал.

15-февралда Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланган.

Бул материалдардан кийин, 22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. 2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган. Айбек Осмонов болсо 13-мартта өзү жазган арыздын негизинде мандатынан кол жууган.

Бишкектин административдик соту 1-мартта Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, депутаттык мандат бул округда өткөн шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет. Бул чечимди Бишкек шаардык соту апрель айында күчүндө калтырды.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келип, камакка алынган.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG