Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Өзбекстанда окуучуларды ийне менен жазалаган мугалим боюнча териштирүү жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда окуучуларды ийне жана бурама мык менен жазалаган деп шек саналып жаткан мугалим боюнча териштирүү жүрүп жатканын 17-апрелде «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды.

Окуя борбор калаа Ташкенттин Сергели районундагы жалпы билим берүү орто мектептеринин биринде болгону, мугалим биринчи класстын окуучуларын ийне жана бурама мык менен сайгылап жазалаганы, бул үчүн аны иштен алышканы кабарланды.

Өзбекстандын балдар омбудсменинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 16-апрелде 15 ата-эне мектептин директоруна арыз менен кайрылып, даттанышты.

Райондук ички иштер башкармалыгы териштирүү жүргүзүп жатканы, ага балдар акыйкатчысы жеке өзү көзөмөл жүргүзөрү маалымдалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG