Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Иран камакка алган кеменин экипажы коопсуздукта экени маалымдалды


MSC Aries кемеси.
MSC Aries кемеси.

Ормуз кысыгында Иран кармап, камакка алган MSC Aries коммерциялык кемесинин экипажынын 25 мүчөсү коопсуздукта экенин 16-апрелде кеме менен жүк ташуучу Mediterranean Shipping Company (MSC) жеке компаниясы билдирди. Компаниянын маалыматына караганда, Иран бийлиги менен аларды тез арада бошотуу, жүктү түшүрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Португалиянын Тышкы иштер министрлиги Ирандын элчисин чакыртып, Тегерандын Израилге кол салуусуна байланыштуу айыптоосун билдиргени жана Ормуз кысыгында Португалиянын мамлекеттик туусу астында сүзүп бараткан контейнер жүктөлгөн кемени тез арада бошотуу талабын койгону кабарланды.

MSC - контейнер ташуу көлөмү жагынан дүйнөдөгү эң ири жеке компания.

Иран камакка алган кеме израилдик бизнесмен Эял Офердин Zodiac Group ишканасынын курамындагы Zodiac Maritime компаниясы менен байланышы бар экенин ТАСС агенттиги жазды.

Контейнер ташуучу MSC Aries кемеси Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Халифа портунан чыгып, Ормуз аркылуу Индиянын Нава-Шева портуна жөнөп бараткан.

Кемени 13-апрелде «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» Аскердик-деңиз күчтөрү камакка алганын Ирандын IRNA маалымат агенттиги билдирген.

14-апрелге караган түнү Иран Израилге каршы жапырт чабуул жасаган.

1-апрелде Сириянын борбору Дамаск шаарында Ирандын элчилигине коюлган авиа чабуулдан бир нече киши, алардын ичинен Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» эки генералы өлтүрүлгөн.

Ормуз кысыгы Перс булуңун Оман булуңу менен, андан ары ачык океан менен байланыштырып турат жана эл аралык соодада стратегиялык мааниге ээ. Дүйнөлүк соодадагы суюлтулган жаратылыш газынын үчтөн бири жана мунайдын дээрлик төрттөн бири ушул кысык аркылуу ташылат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG