Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Ошто чек арадан жашыруун туннел аркылуу мыйзамсыз өткөн өзбекстандык жаран кармалды


Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелген аял. 17-апрель, 2024-жыл.
Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелген аял. 17-апрель, 2024-жыл.

5-апрель күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын кызматкерлери менен чогуу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы "Достук" өткөрүү бекетинен Өзбекстандын жаранын - 40 жаштагы Х.Б. аттуу аялды кармашкан. Ал чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип кармалган. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ("Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү") менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө учурунда ал Кыргызстанга чек арадагы жашыруун туннел аркылуу өткөнү, ал туннелден адамдар жана товарлар мыйзамсыз түрдө ташылып турганы аныкталган. Бул факт боюнча кошумча - Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси ("Мыйзамсыз миграция уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз алып кирүү, алып чыгуу") менен кылмыш иши козголгон.

Иштин алкагында 12-апрелде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну - 29 жаштагы К. Х. кармалган. Ал Өзбекстандын жарандарын жашыруун туннел аркылуу чек арадан өткөрүп турган деп шектелүүдө. Кармоо учурунда шектүүнүн жанынан түндө көрсөтүүчү дүрбү жана атайын алдын ала белгиленген акча алынган. Ошондой эле талаадагы чек ара тилкесинен адамдар өтүп, товар ташылып турган кенен түтүк орнотулганы аныкталган.

Анын үйүн тинтүү учурунда 30 миң долларлык суммадагы 87 куту маңзат табылган. Бул иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, дагы башка катышы бар адамдарды аныктоо чаралары жүрүп жатат.

Бир ай мурда, 20-21-март күндөрү Сузак районунун Бек-Абад айылында да Өзбекстандын аймагына өтүү үчүн жер астында казылган эки туннел табылган.

Буга чейин Ош облусунда да ушундай эле туннелдер табылган.

2023-жылдын май айында Өзбекстанда Кыргызстанга мыйзамсыз жүк ташуу максатында жер астынан жол казган деп айыпталган онго жакын өзбек жараны соттолгон. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG