Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Оманда сел 18 кишинин өмүрүн алды, БАЭде нөшөр жаандан кийин абал оорлоду


БАЭ. 2024-жылдын 16-апрели.
БАЭ. 2024-жылдын 16-апрели.

Оман өлкөсүндө соңку эки күндө нөшөр жаандан кийин сел каптаган аймактарда кеминде 18 кишинин өмүрү кыйылганын, алардын 10у окуучу балдар экенин бүгүн 17-апрелде France-Presse агенттиги (AFP) билдирди.

Окуучу балдар отурган автобусту ташкын суу агызып кеткен. Өкмөт катуу шамал, чагылган жана мөндүр жааган аба ырайы 18-апрелге чейин уланарын кабарлады.

Ал эми Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) да эки күндөн бери мурда болуп көрбөгөндөй нөшөр жаан жаап жатат. Дүйнөдөгү жүргүнчү эң көп каттаган аэропорт жайгашкан Дубай шаарында жаан-чачындын жылдык орточо ченеми 95 миллиметр болсо, бул күндөрү 142 миллиметрге жетти.

Дубайга коно турган учактар башка шаарларга жөнөтүлдү, аэропорттун учуу-конуу тилкесин суу каптаган видеолор социалдык тармактарда жарыяланууда.

Мектептер жана мамлекеттик органдар аралыктан иштеп жатат. Жергиликтүү тургундарга зарылчылык болбосо көчөгө чыкпай коё туруу керектиги эскертилди.

Бириккен Араб Эмирликтеринин Улуттук метеорология борбору аба ырайы боюнча мониторинг 1949-жылы жүргүзүлө баштаганын, ошондон бери азыркыдай абал катталбаганын билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG