Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Жалал-Абад: Жаандан улам Көк-Арт дарыясында суу көтөрүлдү


Көк-Арт суусу. Жалал-Абад. 17-апрель, 2024-жыл.
Көк-Арт суусу. Жалал-Абад. 17-апрель, 2024-жыл.

Эки күндөн бери жааган жамгырдын кесепетинен Көк-Арт дарыясында суу көтөрүлүп, №10 дамбанын 150 метр аралыгын жеп кеткен. Мындан сырткары дарыянын Сузак районуна караган тарабынын эки жерин суу жеп, коркунуч жаратууда.

Учурда кооптуу жерлерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуу кызматынын 15 техникасы тартылып, суунун нугун буруу аракети көрүлүп жатат.

Көк-Арт дарыясынын кооптуу аймагында жүздөй үй жана өндүрүштүк мекемелер жайгашкан.

15-16-апрель күндөрү жааган жаандан улам Аксы районунда алты-жети айылды суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, суу айылдардагы жолдорду жана үйлөрдү каптаган. Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы 10дой үйдүн короосуна, көп кабатуу үйдүн жер төлөсү менен социалдык үч мекемеге суу кирген. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG