Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:25

PACE Косовону Еврокеңешке мүчөлүккө чакырууну сунуш кылды


Косовонун туусу.
Косовонун туусу.

Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (PACE) Косовону Еврокеңешке мүчөлүккө чакырууну сунуш кылган чечим кабыл алды. Уюмдун 16-апрелдеги билдирүүсүндө бул тууралуу корутундуга 131 “макул”, “29 “каршы” добуш берилгени маалымдалды.

Акыркы чечим уюмдун министрлер комитетинде кабыл алынары, ассамблея Косово “мүчө болгон күндөн тартып жүзөгө ашыра турган милдеттенмелер тизмесинин” аткарылышын көзөмөлдөп турары белгиленди.

Министрлер комитети - уюмга мүчө мамлекеттердин башкы дипломаттарынан турган аткаруучу орган.

"Мүчөлүк Косового адам укуктарын, демократияны жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жаатындагы мындан аркы прогресси үчүн түрткү болушу зарыл", — деп айтылды PACE маалыматында.

2018-жылы Еврокомиссия алты Батыш Балкан мамлекетин – Албанияны, Босния жана Герцеговинаны, Косовону, Черногорияны, Түндүк Македонияны жана Сербияны Европа Биримдигине 2025-жылга чейин кабыл алуу тууралуу планын жарыялаган.

Европа Биримдиги менен Косовонун алакасы бул өлкө эгемендигин жарыялаган 2008-жылы башталган.

Биримдикке кирген өлкөлөр арасынан жалгыз гана Испания Косовонун эгемендигин таануудан баш тартып келет.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлүн 1999-жылы жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия да тааныбай келет.

Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92 пайызын албандар, алты пайызга жакынын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG