Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Бир катар майрам күндөрүн жумуш күнү деп бекитүү сунушталды


Нооруз майрамы. Бишкек. 21-март, 2024-жыл
Нооруз майрамы. Бишкек. 21-март, 2024-жыл

Кыргызстандын жаңы Эмгек кодексинде бир катар майрам күндөрүн жумуш күнү деп бекитүү сунушу берилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 17-апрелде тараткан маалыматка ылайык, бул кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында ишке ашырылды.

Анын негизинде 23-февраль (Мекенди коргоочулардын күнү), 7 апрель (Элдик Апрель революциясынын күнү) жана 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) мамлекеттик майрам күндөрү деп аталат. Бирок бул күндөрү эс алуу болбойт.

Ал эми 7-январь (Иса пайгамбардын туулган күнү - Рождество), 8-март (Аялдардын эл аралык күнү), 21-март (Нооруз), 5-май (Конституция кабыл алынган күн), 9-май (Жеңиш күнү) жана 31-август (Эгемендик күнү) жылнаамада кызыл менен жазылган эс алуучу майрам күндөрү деп саналат. Булардан тышкары Орозо айт жана Курман айтта да эс алуу болот.

Ошондой эле кыргызстандыктар үчүн Жаңы жылда алты күндүк (1-6-январь күндөрү), май айында 8 күндүк (1-8-май күндөрү) каникул болот.

Жаңы Эмгек кодексине ылайык, майрамдар дем алышка туура келген учурда жумуш күнүнө которулбайт. Долбоор Жогорку Кеңешке киргизилет, эгерде колдоо тапса кол коюу үчүн президентке жөнөтүлөт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG