Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:54

Кара-Көлдүн тургуну алты жашар кызы сексуалдык ыдык көргөнүн айтып чыкты


Балдарга сексуалдык зомбулукту токтотууга каршы акция. Бишкек.
Балдарга сексуалдык зомбулукту токтотууга каршы акция. Бишкек.

Кара-Көл шаарынын тургуну алты жашар кызы кошунасынан сексуалдык ыдык көргөнүн айтып журналисттерге кайрылды. Ал "Азаттыкка" кошунасы кызына "эки ирет ыплас аракеттерди жасагандыктан милицияга арыз жазганын" 17-апрелде билдирди:

"Акыркы жолу кошунамдыкынан келген кызым 62 жаштагы киши сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айткандан кийин арыз жаздым. Алар Жалал-Абад шаарындагы соттук-медициналык экспертизага жиберишти. Дарыгерлер кызымды көрүп эле ага жыныстык зомбулук болгонун айтышты".

Наристенин энеси 11-апрелде ооруканага кайрылып, ошол эле күнү милицияга арыз жазганын кошумчалады.

"Азаттык" бул окуянын чоо-жайын тактап, Жалал-Абад облустук милициясына (ИИИБ) кайрылганда, мекеменин басма сөз кызматы маалыматты ырастады. Шектүү кармалганы тууралуу маалымат берүү менен чектелди.

Маалыматка караганда, жабырлануучу тараптын арызын Кара-Көл шаардык милициясы бирдиктүү реестрге «Ыплас аракеттер» беренеси менен каттап, тиешелүү экспертизалар дайындалган, тергөө жүргүзүлүп жатат.

15-апрелде Кара-Суу районунда 5 жашар кызды зордуктоого шек саналып 31 жаштагы киши кармалган. Анын жакындары, райондогу окуя болгон Отуз-Адыр айылынын тургундары шектүүгө оор жаза берүүнү, балдардын коопсуздугун коргоону бийликтен талап кылууда.

Кыргызстандын акыйкатчысы 2022-жылы өлкөдө жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, териштирүү этабында калган. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG