Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Былтыр 14 турак жай кооперативине кылмыш иши козголгон


Кыргызстанда былтыр 14 турак жай кооперативи боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу баш прокурор Курманкул Зулушев 17-апрелде парламентте отчет берип жатып билдирди. Жалпысынан бул кооперативдер боюнча 1 214 кылмыш иши бар, алардын 664ү сотко жөнөтүлгөн.

70тен ашык көп кабаттуу үйдүн мыйзамсыз курулганы аныкталып, алардын бешөөнү бузуу боюнча чечим чыккан.

Курулуш агенттиги Кыргызстанда 224 объект уруксатсыз курулганын, мыйзамсыз курулуштарга көзөмөл дагы күчөтүлөрүн 18-декабрда билдирген. Андан кийин мекеме сот органдарына өткөрүп берген курулуш компанияларынын жана уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялап, жарандарды бул имараттардан турак жай сатып албай турууга чакырган.

Сот быйыл жыл башында "Ихсан" турак жай кооперативи боюнча чечим чыгарып, анын жетекчиси Акинай Бекмурзаеваны 12 жылга эркинен ажыратып, жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирген. Кийин жабырлануучулар кооперативдин камактагы банктык эсебинен каражаттын бир бөлүгүн сот аткаруучулар чыгарып, "Ихсанды" жарандык иш боюнча уткандарга төлөп берип жатканын айтып чыгышкан.

Кыргызстанда мындан башка да турак жай кооперативдерине каршы бир нече акциялар өткөн. Алар да уюмдарга миллиондогон акча салып, соңунда сызга отуруп калганына даттанышкан. Милиция алардын көпчүлүгү боюнча кылмыш ишин козгогон. Мындан улам өкмөт кооперативдердин ишин көзөмөлдөөнү күчөтө турган мыйзам долбоорун иштеп чыгып кабыл алынган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG