Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Депутат Акаев абактагы журналисттерди үй камагына чыгарууну сунуштады


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 17-апрелдеги жыйынында абакта жаткан алты журналистти үй камагына чыгарууну сунуштады. Ал журналисттердин абакта жатышы өлкөнүн аброюна терс таасир этерин билдирди.

“Буга чейин президент менен журналисттердин диалогунун башталганын кубаттайм. Туура болду, ошондон кийин бир топ журналист эркиндикке чыкты. Азыр Айданбек Акматов, Олжобай Шакир, Актилек Капаров, 22 жаштагы Айке жана башка журналисттер абакта жатат. Аларды үй камагына чыгарып деле тергесеңер. Журналисттердин абакта жатышы өлкөгө аброй алып келбейт”, - деди Акаев.

Публицист Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Анын иши Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда каралууда, кийинки отурум 18-апрелге белгиленген.

Журналист Айданбек Акматов "Кемпир-Абад иши" боюнча абакта жаткан тогуз кишинин бири. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Бул иш 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Марат Баязов, Жеңиш Молдокматов, Тимур Махмудов, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Айбек Бузурманкулов жана Илгиз Сарылдык уулу жатат.

16-январда Ички иштер министрлиги “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. Кийин алардан жетөө үй камагына чыккан жана тилкат менен бошотулган. Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айыпталган журналисттердин төртөө абакта калган.

Жогоруда айтылгандардын баары өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG