Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:06

USAID администратору Саманта Пауэр “чет элдик өкүл” мыйзамына тынчсыздануусун билдирди


USAID администратору Саманта Пауэр (солдо) жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Вашингтон, АКШ. 15-апрель, 2024-жыл.
USAID администратору Саманта Пауэр (солдо) жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Вашингтон, АКШ. 15-апрель, 2024-жыл.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID -ЮСАИД) администратору Саманта Пауэр Кыргызстанда "Чет элдик өкүл" мыйзамы боюнча тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу 16-апрелде Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Вашингтондо жолугушкан учурунда айтты.

Агенттиктин сайтындагы маалыматка ылайык, Саманта Пауэр АКШ өкмөтү Кыргызстанда жакында кабыл алынган "Чет элдик өкүл" мыйзамы жана учурда кароодо турган "ЖМК тууралуу" мыйзам долбоору сыяктуу мыйзамдар Кыргызстандын билим берүү, саламаттык сактоо, башкаруу жана ЖМК тармактарындагы негизги өнөктөштөрүнүн өлкөдөн чыгып кетишин же каржылоосун кескин кыскартуусун шарттарын, бул өз кезегинде өлкөнүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизерин белгиледи. Ал демократиялык институттар, жоопкерчиликтүү башкаруу, коррупцияга каршы күрөштөгү жылыштар, глобалдык инвестиция үчүн жоопкерчилик маанилүү экенин баса белгиледи.

ЮСАИДдин маалыматына ылайык, тараптар бул жолугушууда америкалык агенттиктин бир катар тармактар боюнча кыргызстандыктарга көрсөткөн колдоосу тууралуу да сөз кылышкан.

Акылбек Жапаров менен Саманта Пауэрдин Вашингтондогу жолугушуусу тууралуу маалымат Министрлер кабинетинин сайтына да жарыяланды. Анда тараптар Кыргызстандын элет жергесинде жашаган калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу багытында ЮСАИДдин салымын белгилеп, учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун келечегин талкуулашканы жазылды.

Сайттагы маалыматта ЮСАИДдин администратору Кыргызстанда жарандык коомду, сөз эркиндигинин өнүгүүсүн чектеген мыйзамдар тууралуу кабатырлыгын билдиргени тууралуу сөз жок.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация АКШга Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын жазгы жыйындарына катышуу үчүн барган.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Мыйзамда айрым жарандарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачылат, кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт бериши керек.

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга 2-апрелде кол койгон.

Мындан кийин жергиликтүү жүздөн ашуун уюм президенттин дарегине кайрылуу жолдоп, мыйзам долбооруна кол койбоого чакырышкан.

Бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG