Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:22

ТикТокту чектөө аракети кайра жанданды


Санарип министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет-провайдерлерине TикТок социалдык тармагына кирүүнү чектөөнү суранган кат жолдоду.

Бир катар маалымат каражаттары аталган кызматтын өзүнө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кат келгенин, анда TикТоктун кыргыз сегментинде, өзгөчө балдар үчүн контент жаратууда, иргөө, ырааттуу жана принципиалдуу мамиле болбой жатканы айтылганын жазышты.

Ага ылайык, Коопсуздук кызматы “Балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, руханий жана нравалык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамга шилтеме жасаган.

Бул аралыкта Санарип министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Кыргызстандагы интернет провайдерлерине 18-апрелге чейин ТикТокту бөгөттөөнү тапшырганы кабарланды.

Былтыр 30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган.

Мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүүсүнө, саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн негиз кылган. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн Санарип өнүктүрүү министрлигине кат жөнөтүлгөнүн кошумчалаган.

Министрликтин мындай чечими социалдык тармактарда кызуу талкууланып, аны "сөз эркиндигин чектөө" деп баалагандар болгон.

2016-жылы Кытайда чыккан тиркеме 2023-жылы 11 миллиард доллардай киреше тапкан. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 4,6 миллиард доллар болгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG