Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Freedom House: Борбор Азияда демократия деңгээли төмөндөп жатат


Freedom House уюмунун эн белгиси.
Freedom House уюмунун эн белгиси.

Freedom House эл аралык уюмунун "Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр" жаңы баяндамасында Кыргызстан 2005-жылдан бери жалпы демократиянын рейтинги төмөндөгөн 10 өлкөнүн бири аталды.

Кыргызстан 2005-жылдан бери жалпы демократиянын рейтинги төмөндөгөн 10 өлкөнүн бири катары Орусия, Тажикстан жана Азербайжан менен бир сапты ээледи.

Баяндамада Борбордук Европада жана Борбор Азияда демократиялык көрсөткүчтөр соңку 20 жыл бою начарлап келгени жазылган.

Freedom House (FH) эл аралык уюмунун "Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр" аталышындагы баяндамасында былтыр 10 өлкөнүн демократиялык көрсөткүчү төмөндөгөнү айтылат.

Өзбекстан дагы деле автократия тамырлаган мамлекет деп табылып, баяндамада азыркы президент Шавкат Мирзиёевдин бийликте калышын 2040-жылга чейин шарттаган мыйзамды кабыл алышы белгиленет.

Казакстан Freedom House уюмунун жаңы баяндамасында мүмкүн болгон жети баллдан 1,29 балл алган. Өткөн жылы Казакстандагы демократиянын абалына 1,32 балл берилген.

Баяндамада Борбордук Европа жана Борбор Азияда демократиялык көрсөткүчтөр соңку 20 жыл бою начарлап жатканы жазылган. 29 өлкөнүн ичинен эң төмөн "демократия упайлары" бар деп Түркмөнстан (1,00), Тажикстан (1,04), Азербайжан (1,07) жана Орусия (1,07) көрсөтүлдү.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG