Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:01

Азия чемпионаты: Раззак Бейшекеев күмүш медал алды


Раззак Бейшекеев.
Раззак Бейшекеев.

16-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев күмүш медал алды. Ал финалдык беттеште ирандык балбан Саед Мурад Исмаили менен күрөшүп, 1:3 эсебинде утулду.

Ал грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта биринчи беттешинде монголиялык балбан Ганбаяр Намсрайды 14:0 менен уткан. Чейрек финалда казакстандык Алматбек Аманбекти 7-1 менен, жарым финалда Түштүк Кореядан келген Ханжае Чонгду 2:1 менен жеңип финалга чыккан.

Раззак Бейшекеев 19 жашта. Ал 2021-жылы Венгриянын Будапешт шаарында грек-рим күрөшү боюнча балдар арасындагы (кадеттер, 14-16 жаш) дүйнө чемпионатында 60 кг салмакта алтын алган. Былтыр Кытайда өткөн Азия оюндарында 67 кг салмак ченинда коло тагынган.

16-апрелде Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта жапониялык Каито Инабаны финалда 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, Азиянын үч жолку чемпиону болду. 82 килограмм салмакта Бекзат Орункул уулу коло медал тагынды. Ал 3-орун үчүн беттеште түштүк кореялык Сежин Янгды 3:1 эсебинде утту.

Азия чемпионаты Бишкек Арена спорт комплексинде өтүп жатат. 15-апрелде Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта күмүш, Улан Муратбек уулу 55 кг салмакта коло медал жеңген.

Бүгүнкү таймаштар менен күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдеш 11-апрелде башталып, ага 30 өлкөдөн 600гө жакын спортчу катышты. Буга чейин Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөшү боюнча балбандары үч алтын, бир күмүш жана төрт коло байге алышты. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг) алтын медал тагынса, Арууке Кадырбек кызы (55 кг) менен Гүлнура Таштанбекова (68 кг) коло байге алган. Эркин күрөштөн Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) экинчи жолу Азия чемпиону аталса, Айаал Лазарев (125 кг) күмүш, Улукбек Жолдошбеков (65 кг) менен Алибек Осмонов (70 кг) коло байгеге ээ болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG