Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:10

Газада үйүнө кайтууга аракет кылган жай тургундар бутага алынды


Газа. Качкындар убактылуу жайгашкан жер.
Газа. Качкындар убактылуу жайгашкан жер.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газанын жай тургундарына сектордун түндүк тарабына кайтып барбоо керектиги тууралуу эскертүүлөрүн улантууда. 15-апрелдеги жарыясында жөөт армиясы палестиндерге Газанын түндүгүнө өтүүгө уруксат бериле электигин эскертти.

14-апрелде жүздөгөн палестиндер сектордун борборунан жээкти бойлой жайгашкан Ар-Рашид көчөсү аркылуу түндүк тарапка өтүүгө аракет кылышкан, бирок жөөт аскерлери аларды өткөрбөй, кайра артка жөнөтүшкөн.

15-апрелде күбөлөр жана медицина кызматкерлери анклавдын түндүгүнө, согуштун айынан ээн таштап кетүүгө аргасыз болгон үйүнө кайтууга аракет кылган жай тургундар тобу аткылоого кабылганын, алардын кеминде бешөө өлтүрүлгөнүн билдиришкен.

Израил былтыр октябрда ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) чабуулуна кабылгандан кийин Газага сокку ура баштаган. Операция анклавдын түндүгүнөн башталып, ал жакта жашаган жүз миңдеген палестиндер үй-жайын таштап, сектордун башка аймактарына качып барган.

Атышууну токтотуу жана ХАМАС барымтада кармап турган кишилерди бошотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG