Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:26

Нью-Йорк соту Трамптын ишин карай баштады


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Нью-Йоркто АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын порноактриса Сторми Дэниелске 130 миң доллар төлөп бергени боюнча иш каралып жатат. Сот алдында ондогон адамдар "Эч ким мыйзамдан жогору тура албайт!" деген жазуусу бар плакаттарды кармап чыгышты.

Трамп 2016-жылы президенттик шайлоо алдында порноактриса Сторми Дэниелске 130 миң доллар төлөп бергенин жашырууга аракет кылган.

Нью-Йорк штатынын прокуратурасы муну финансылык документтерди жасалмалоо же кылмыш иши катары кароого болорун бекемдеп жатканын Би-Би-Си жазды.

Дэниелс 2006-жылы Трамп менен жыныстык катышта болгонун ырастап, Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн ага бул тууралуу ооз ачпашы үчүн төлөп бергенин билдирген.

Трамп өзү муну четке кагып келет, Дэниелс менен катышы болгонун да танган.

АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трампка каршы жалпысынан төрт иш козголгон.

2020-жылдагы президенттик шайлоодо утулгандан кийин анын тарапкерлери 2021-жылдын 6-январында конгрессмендер отурган имаратка кирип барган. Трамптын бул окуядагы ролу канчалык деген териштирүү жүрүүдө.

2020-жылдын аягында Трамп кызматын тапшырып жатып бир нече кызматтык документти жеке архиви үчүн алып кеткени кабарланган. Улуттук архив ал документтер жашыруун болгондуктан архивге тапшырууну өтүнүп, прокуратурага кайрылган.

Төртүнчү иш Трамп 2021-жылы январда Жоржия штатынын республикачыл мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент өз пайдасына 11 780 добуш таап берүүгө жардамдашууну суранганы айтылган.

Быйыл күзүндө АКШда президенттик шайлоо өтөт. Трамп ага катышуу аракетин көрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG