Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:14

Акжол Махмудов Азия чемпионатынын күмүш медалын алды


Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 15-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медал алды. Ал финалдык беттеште жапониялык Нао Кусакага 2:4 эсебинде жеңилди.

Грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмак ченинде Акжол Махмудов чейрек финалда казакстандык балбан Ибрагим Магомадовду 3:3 эсебинде уткан (акыркы баллды кыргызстандык балбан алгандыктан жеңиш Акжол Махмудовго берилди). Жарым финалда ирандык Амир Али Абди менен кез келип, беттеш 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда аяктап, финалга чыккан.

Акжол Махмудов 15-апрелде 25 жашка чыкты. Ал Азиянын үч жолку чемпиону (2018-ж., 2022-ж., 2023-ж.), Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2021-ж.), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-ж., 2023-ж.), кадеттер (уландар) арасында дүйнө чемпиону (2016-ж.), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2018-ж.), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016-ж., 2017-ж.).

Азия чемпионаты Бишкек Арена спорт комплексинде өтүп жатат. Буга чейин эркин күрөштөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын медал алышкан. 15-апрелде Улан Муратбек уулу грек-рим күрөшүнөн 55 кг салмакта коло медал жеңди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG