Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:32

Күрөш: Айсулуу, Айпери жана Тайырбек чемпион болду

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова кайрадан алтын байге утуп, алтынчы жолу Азиянын чемпиону болду. Ал кыз кыз-келиндер күрөшү боюнча мындай ийгиликке жетишкен алгачкы кыргызстандык балбан болуп калды. Соңку оюндарда жапон балбаны Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны ушуну менен үчүнчү жолу жеңди. Эки балбан былтыр дүйнө чемпионатынын финалында күрөшүп, Тыныбекова 4:1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону атыккан. Экинчи жолу алар Хорватиядагы Zagreb Open рейтингдик мелдешинин жарым финалында беттешип, оюн кыргызстандык спортчунун 3:3 эсебинде жеңиши менен аяктаган.


16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG