Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:29

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалына чыкты


Айсулуу Тыныбекова. (архив)
Айсулуу Тыныбекова. (архив)

Бишкекте өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпионатында 14-апрелде кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты.

Тыныбекова Кореянын балбаны Субин Жону 3,3 мүнөткө жетпеген убакта жеңип алды. Жарым финалда Монголиядан келген Церенчимед Сукхени 13:3 эсебинде утту.

Эми финалда ал Жапониядан келген балбан кыз Сакура Мотоки менен күч сынашат.

Азия чемпионатында 13-апрелде кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы жеңишке жетишип, алтын медал тагынган. Ошондой эле Арууке Кадырбек кызы менен Гүлнура Таштанбекова коло байгеге ээ болушкан.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 16-апрелге чейин уланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG