Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Ошто кыз ала качууга шек саналып үч киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлери кыз ала качууга шек санап, үч кишини кармады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар кызды "Мерседес" автоунаасына күчтөп салып кеткени тууралуу маалымат 11-апрелде, саат 16:30 чамасында түшкөн. Башкармалыкта "Куугун" деп аталган операция түзүлгөн.

ЖКККБ кызматкерлери Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылынан аталган машинени токтотуп, 19-25 жаштардагы үч кишини кармаган.

Автоунаа айып токтотмого киргизилип, кармалгандар милицияга өткөрүлүп берилген.

Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыш. Мындай кылмышы далилденгендер Кылмыш-жаза кодексинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренесинин биринчи бөлүгү (“Никеге туруу үчүн адамды ала качуу”) менен беш жылдан жети жылга чейин, экинчи бөлүгү (“Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу”) менен жети жылдан он жылга чейин абакка кесилет.

Кыргызстанда ала качууга дуушар болгондор милицияга сейрек кайрылат. Ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар катталган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG