Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулат


Ашкелон. Израил. 14-апрель, 2024-жыл
Ашкелон. Израил. 14-апрель, 2024-жыл

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши жекшембиде чукул жыйынга чогулат. Мальтанын БУУдагы туруктуу өкүлү Ванесса Фрейзер билдиргендей, жыйын Ирандын дрон жана ракета чабуулуна кабылган Израилдин демилгеси менен өткөрүлөт (Мальта учурда Коопсуздук кеңещинде ротация боюнча төрага).

Фрейзердин атына жазылган катта Израил Иранды эл аралык милдеттенмелерин бузду, Газа тилкесинде ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте тыюу салынган) тобун, Ливанда Хезболланы, Йеменде хуситтерди колдойт деп айыптап, "көп жылдардан берки туруксуздуктун архитектору" деп күнөөлөгөн.

"Чабуулдардын масштабы жана олуттуулугу чексиз, Израилдин эгемендигин жана Коопсуздук кеңешинин эл аралык укук жана резолюцияларын орой бузууга жатат" - деп жазылган катта.
Израил БУУну Ирандын Ислам революциясынын Сакчылар корпусун - Ирандын башкаруу режиминин негизги таянычын террордук уюм деп таанууга үндөөдө.

Ошол эле учурда Иран дагы БУУнун Коопсуздук кеңешине кат жолдоп, коргонуу максатында аракеттенгенин билдирди. Анда "өзүн коргоо максатында, Израилдин кайталанган согуштук агрессиясына жооп катары, БУУнун уставынын 51-беренеси боюнча" аракеттенгени жазылган.

  • 14-апрелге оогон түнү Иран Израилге учкучсуз учак жана ракеталар менен сокку урду.
  • Израилдин армиясы - ЦАХАЛдын маалыматына караганда, Ирандан 200дөн ашуун "жанкечти" дрондор, канаттуу жана баллистикалык ракеталар учурулган. Анын көбү атып түшүрүлгөн.
  • Ирандын чабуулун кайтарууга АКШнын абадан коргонуу күчтөрү жана Британиянын учактары катышканы белгилүү болду.
  • Тегерандын чабуулунда 10 жашар кыз жараат алып, Израилдин аскердик базаларынын бирине зыян келтирилген деген маалымат түштү.
  • Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн өлкөлөр аба мейкиндиктерин жапты.
  • Ирандын бийлиги чабуул ушуну менен токтогонун, эгерде Израил "ката кетирсе", андан катуу жооп берерин эскертип, АКШны кийлигишпөөгө чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG