Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Өзбекстанда Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин жыйыны болот


“Булуңдагы араб өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши жана Борбор Азия” форматындагы биринчи саммит. Жидда. 19-июль, 2023-жыл
“Булуңдагы араб өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши жана Борбор Азия” форматындагы биринчи саммит. Жидда. 19-июль, 2023-жыл

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 14-15-апрелде Өзбекстанга иш сапар менен барат. Сапардын алкагында министр "Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши" стратегиялык диалог форматындагы тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) тараткан маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери бар.

Министрлер ошондой эле былтыр Жидда шаарында өткөн "Борбор Азия жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешине" мучө мамлекеттердин башчыларынын биринчи саммитинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн да талкуулашат.

Жээнбек Кулубаев Өзбекстандагы иш сапардын алкагында аталган кеңешке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулайт.

Былтыр 19-июлда Сауд Арабиянын Жидда шаарында кеңештин биринчи саммити өттү. Ага жалпысынан 11 өлкөнүн жетекчилери – Перс булуңундагы араб өлкөлөр уюмуна мүчө болгон Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт, Оман жана Бахрейндин, ошондой эле Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн башчылары катышкан.

Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешине Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт, Оман жана Бахрейн мүчө. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG