Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Орусиядагы ташкын: Сибирде жүздөгөн турак жай суу алдында калды


Барнаул. Алтай крайы. 13-апрель, 2024-жыл.
Барнаул. Алтай крайы. 13-апрель, 2024-жыл.

Орусиянын Алтай аймагында, Томск, Кемеров жана Новосибирск облустарында ташкын уланып жатканын, жүздөгөн үйлөр жана жер тилкелери суу алдында калганын Сибирь.Реалии сайты жазды.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, Томск районунда 110 үй суу алдында калды, көпчүлүгү Вершинино шаарчасында. Райондун башчысы Вячеслав Черноустун маалыматына караганда, 27 үй жана 66 жер тилкесин суу каптады.

Облустагы бир катар айылдардын эли коопсуз жактарга көчүрүлдү. Адистер Томь дарыясында жаңы жардырууга даярданып жатышканы кабарланды.

Кемеров облусунун Тутуяс айылында суу каптаган аймактар бир нече күндөн бери жардам күтүп жатканы тууралуу маалымат социалдык тармактарга жазылууда. Жергиликтүү бийлик кырдаал көзөмөлдө экенин билдиргенин "Сибдепо" сайты маалымдады.

Алтайда 28 үй жана 74 жер тилкесин суу каптаган. Беш автоунаа жолунда кыймылга чектөө киргизилди. Алей районунда көпүрө суу алдында калган.

Новосибирскиде 205 дача жана 52 жер тилкеси суу алдында калган. Облустагы эң оор абал Карасук дарыясы ташкындаган Кочковск районунда экени кабарланууда.

Кардын эриши жана дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшүнөн Орусиянын 39 аймагында суу ташкыны болду. 5-апрелде Урал дарыясынын ташкынынан коргоочу дамба жарылып, Оренбургдун облусунун аймактарын, Орск шаарын суу каптап, бул калаа кырсыктан эң көп жабыр тартты.

Суу ташкындан Оренбургга 40 млрд рублден ашык зыян келтирилгени белгилүү болду. Акыркы маалыматта кеминде беш адам каза тапканы кабарланды. Облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Суу каптаган бардык аймактарда жергиликтүү калкты эвакуациялоо иштери жүрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG