Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Кыргыз-тажик чек арасын тактоочу топ калган тилкелерде талаа иштерин жүргүздү


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отуруму. Бустон шаары, Согд облусу, Тажикстан. Апрель, 2024-жыл. Сүрөт Министрлер кабинетиники.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отуруму. Бустон шаары, Согд облусу, Тажикстан. Апрель, 2024-жыл. Сүрөт Министрлер кабинетиники.

7-13-апрель күндөрү Тажикстандын Согд облусунун Бустон шаарында чек араны тактоочу өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу алкагында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүшкөн.

Чек аранын калган участокторун тактоо иштерин тараптар эми Кыргыз Республикасынын аймагында боло турган кийинки жолугушууда улантат.

"Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү атмосферасында өттү" деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Буга чейин Баткенде 24-29-март күндөрү өкмөттүк делегациялардын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусунда тараптар чек аранын дагы 28,37 чакырымын такташканы кабарланган.

29-мартта Баткен шаарында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолуккан.

Ошол эле мартта Тажикстандын Бустон шаарында тараптар чек аранын дагы 11 чакырымга жакын сызыгы макулдашылганын жарыялаган. Ташиев менен Ятимов 16-мартта Бустон шаарында жолуккан.

Президент Садыр Жапаров былтыр 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын айтышкан.

Чек ара такталбагандыктан суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта байма-бай чыр-чатактар болуп келген. 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында чек арада эки мамлекет кандуу кагылышууга барган. (КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG