Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:29

Аба ырайы: жаан жаап, күн күркүрөйт


Бишкек
Бишкек

Кыргызгидрометтин билдиришинче, 14-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолордо кар жаайт.

Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6... + 11 градус, күндүз + 16...+21.

Таласта түнкүсүн + 3... + 8, күндүз +14...+19.

Баткен облусунда түнкүсүн +6... + 11, күндүз +20... + 25.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7... + 12, күндүз +21...+26.

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +1... + 6, күндүз +11 ... +16 градус болот.

Нарында түнкүсүн -3...+2, күндүз + 15...+20.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +19...+21 градус.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG