Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Анталияда асма жолдон жабыркаган кыргызстандык кыз ооруканада


Анталиядагы асма жолдун кабинасы кулаган жер.
Анталиядагы асма жолдун кабинасы кулаган жер.

Түркиянын Анталия шаарында асма жолдун кабинасы кулап, андан жабыркаган кыргызстандык кыз тик учак менен ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Экспертизанын жыйынтыгында биздин жарандын далысы жана буту көгөргөн. Оорукана менен аны дарылоо боюнча макулдашууга жетиштик", - деп кошумчалады Тышкы иштер министрлиги.

Түркиянын маалымат каражаттары Анталиянын Кониалта (Konyaaltı) районундагы асма жолдун кабиналарынын бири жерге кулап, анын ичинде сегиз кишинин бири каза болгонун жазышты. Медиктер жети адам, анын ичинде эки бала жараат алганын кабарлашты. TRT Haber маалымат агенттигинин жазганына караганда, жабыркагандар арасында кыргыз жараны, Акмарал аттуу кыз да болгон.

Жараат алгандар тик учак менен ооруканага жеткирилди. Маалыматтарга караганда, жалпысынан кабиналарда 184 адам болгон, куткаруучулар аларды эвакуациялашты.

Антальянын мэри Мухиттин Бечектин айтымында, асма жол 2017-жылы курулуп, жыл сайын техникалык тейлөөдөн өтүп келген.

Окуя боюнча тергөө иштери башталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG