Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Урал дарыясынын деңгээли Оренбург шаарында 1171 сантиметрге чейин жетти


Суу каптаган Оренбург шаарында куткарылган ит. Орусия. 2024-жылдын 10-апрели.
Суу каптаган Оренбург шаарында куткарылган ит. Орусия. 2024-жылдын 10-апрели.

Бүгүн, 13-апрелдин таңында Оренбургдагы Урал дарыясындагы суунун деңгээли 11,71 метрге чейин көтөрүлгөнүн аймактын губернатору Денис Паслер билдирди.

Бул бийлик бир күн мурда болжолдогон чектен көп, алар 11,65 метрди болжоп жатышкан.

Паслердин айтымында, суу эми мындан ары көтөрүлбөйт. "Биз суунун бул жеткен чеги деп эсептейбиз: мындан ары көтөрүлбөйт, кырдаал турукташып, суу азаят" деп жазды ал.

Жергиликтүү басылманын маалыматында, Оренбургдагы дарыя дагы көтөрүлүп, 1180 сантиметрге жеткен. Бийлик азырынча муну тастыктай элек.

Мамлекеттик администрациянын маалыматында, аймакта 12 миңден ашуун үй жана 17 миңден ашуун короо-жай суу астында калды.

Жабыркаган аймактардан 13 миңден ашуун адам эвакуацияланган, алардын миңге жакыны убактылуу жайгаштыруу пункттарында жан сактап жатат.

Суу каптаган аймактын жашоочулары мамлекеттен каржылык жардам сурап, 193 миңдей арыз жазышкан. Бийлик азырынча алардын алты миңге жакын өтүнүчүн гана канааттандырды.

Бир жолку төлөм бир адамга 20 миң рублди түзөт, эгерде турак жай, мүлкү толугу менен талкаланып, жоголсо, өкмөт жүз миң рубль убада кылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG