Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Күрөш: Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалында күрөшөт


Айпери Медет кызы Белградда (Сербия) дүйнө чемпионатында. 2023-жылдын 19-сентябры.
Айпери Медет кызы Белградда (Сербия) дүйнө чемпионатында. 2023-жылдын 19-сентябры.

Бишкекте өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында бүгүн, 13-апрелде кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы алтын байге үчүн күрөшөт. Ал эми Арууке Кадырбек кызы менен Гүлнура Таштанбекова коло байге үчүн күч сынашат. Күрөштүн бул түрүнөн бүгүн жалпысынан беш комплект медал ойнотулуп жатат.

55 килограмм салмакта Арууке Кадырбек кызы коло медал үчүн казакстандык Зульфия Яхьярова менен күч сынашат.

Ал эми Гүлнура Таштанбекова 68 килограмм салмакта дагы бир казакстандык Албина Каиргелдинова менен коло үчүн күрөшөт. 2022-жылы Бишкекте өткөн күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында Таштанбекова 65 килограмм салмакта финалда индиялык Пулкит Пулкитти жеңип, чемпион аталган.

76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы финалда алтын медал үчүн кытайлык Юань Хуанг менен чеберчилигин сынамакчы. Былтыр 4-июнда Бишкекте жыйынтыкталган Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаевдин элесине арналган рейтингдик мелдеште Айпери Медет кызы финалда ушул эле Юань Хуангды 5:3 эсебинде жеңип, алтын байге алган.

Финалга жолдомо алганга чейин Айпери Медет кызы эки атаандашын жеңген. Алгач чейрек финалда индиялык Прия Прияны 3:1, жарым финалда казакстандык күчтүү атаандашы Элмира Сыздыкованы 5:1 эсеби менен жеңди. Муну менен Айпери Медет кызы буга чейин 2021- жана 2023-жылдарда Азия чемпионатынын финалдык беттештеринде утулуп калган атаандашынан өтүп, реванш алды.

Айпери Медет кызы ушуну менен бешинчи жолу Азия чемпионатынын финалында күрөшүп жатат. Ал буга чейин 2022-жылы Азия чемпиону аталса, үч жолу күмүш байге алган (2020-ж., 2021-ж., 2023-ж.).

Айпери Медет кызы 25 жашта. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Азия оюндарынын алтын жана коло байгесинин ээси. Былтыр 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш утуп, быйыл Парижде өтө турган Олимп оюндарына лицензия алган.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 16-апрелге чейин уланат. Кечээ, 12-апрелде Бишкектеги Азия чемпионатында Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы бир алтын, бир күмүш жана эки коло байгеге ээ болуп, жалпы командалык эсепте Иран, Жапониядан кийинки үчүнчү орунду камсыздады.

Балбандар Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын медал, Айаал Лазарев (125 кг) күмүш, Улукбек Жолдошбеков (65 кг) жана Алибек Осмонов (70 кг) коло медал жеңишкен.

Бүгүнкү финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00де башталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG