Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

Мэрия Ататүрк паркындагы мыйзамсыз курулуштарды бузат


Картада 2014-2021-жылдардагы Бишкектеги жашыл аймак көрсөтүлгөн. Жашыл түс менен бак-дарактар, кызыл түстө кыйылган бак-дарактар, ал эми көк түс менен жаңы тигилген бак-дарактар көрсөтүлгөн.
Картада 2014-2021-жылдардагы Бишкектеги жашыл аймак көрсөтүлгөн. Жашыл түс менен бак-дарактар, кызыл түстө кыйылган бак-дарактар, ал эми көк түс менен жаңы тигилген бак-дарактар көрсөтүлгөн.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордун түштүк жагындагы аянты 107 гектар Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын чек араларын 1992-жылдагы абалга келтирүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Токтомго ылайык Ататүрк сейил багынын чек арасын Бишкек мэриясынын 1992-жылдын 25-июнунда кол коюлган № 225 «СССРдин 50 жылдыгы атындагы сейил бактын аймактарын парктардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине пайдаланууга бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык келтирүү каралган.

"Ошентип, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер сейил бакка кайра кайтарылышы керек" деп айтылат маалыматта.

Жунушалиев кол койгон токтомго ылайык калаанын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине, Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына жана Октябрь райондук акимчилигине 107 гектарга кирген жер тилкелерин кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү, сейил бактын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлктөрдү бузуу, келтирилген зыянды күнөөлүү адамдардын эсебинен калыбына келтирүү жана сейил бактан жер участокторун бөлүп берген адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн прокуратурага кайрылуу тапшырылган.

Буга чейин КЛООП порталы "Ататүрк" сейил багында бөлүнгөн жерлер боюнча иликтөө жүргүзгөн. Мурдагы мэрлер Медетбек Керимкулов, Данияр Үсөнов, Арстанбек Ногоев жана Нариман Түлеевдин тушунда эки жүзгө жакын адам жер тилкесин алышкан. Алардын катарында мурдагы премьер-министр, парламент төрагасы, министрлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, соттор жана прокурорлор бар.

“Арча демилгелери” коомдук фонду Бишкекте 2014-2021-жылдар аралыгында 479 гектар жашыл аймак жоголгонун аныктаган. Адистер буга суунун жетишсиздиги, бак-дарактардын каралбай калганынан тышкары мыйзамсыз курулуштар да себеп болгонун айтышат. Бул беш жүз гектарга жакын жашыл аймактын катарында Ататүрк сейил багынын 43 гектары да бар.

Бишкек шаарында азыркы учурда 250 миңдин тегерегинде гана бак-дарактар калды. Бул шаардын жалпы аянтынын 10 пайызын да түзбөйт. (КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG