Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Актер Азиз Мурадилаевдин эстелиги коюлду


"Ала-Арча" көрүстөнүндө Азиз Мурадилаевге коюлган эстелик. 2024-жылдын 13-апрели.
"Ала-Арча" көрүстөнүндө Азиз Мурадилаевге коюлган эстелик. 2024-жылдын 13-апрели.

Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө бүгүн, 13-апрелде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Азиз Мурадилаевдин эстелиги орнотулду.

Маркумду эскерүүгө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков жана бир катар маданият ишмерлери, актердун санаалаштары, үй-бүлөсү жана жакындары катышты.

Чогулгандар актердун өнөргө кылган кызматын эскерип, анын экинчи өмүрү башталганын сөз кылышты.

"Ала-Арча" көрүстөнүндө Азиз Мурадилаевди эскерүү. 13.04.2024-ж.
"Ала-Арча" көрүстөнүндө Азиз Мурадилаевди эскерүү. 13.04.2024-ж.

Эске салсак, атактуу театр жана кино актеру Азиз Мурадилаев узакка созулган оорудан улам 2022-жылдын 17-декабрында акка моюн сунган.

Ага чейин Мурадилаев Бишкектеги ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Актердун жакындары анын боорун алмаштыруу үчүн чет өлкөдө жасалчу операцияга 45 миң доллар керек экенин кабарлашып, элге кайрылган. Кайрымдуулук акциясынын алкагында 3 миңдей доллар топтолгон, калган 42 миң долларын президент Садыр Жапаров бөлүп бергени белгилүү болгон. Кийин боорун алмаштыруу зарылчылыгы жоктугунан чогултулган акча режиссер, актер Мурат Мамбетовдун уулун дарылоого берилген.

1978-жылы туулган Мурадилаев бир нече кино жана театралдык оюндарда роль аткарган. Ал элге “Курманжан Датка” тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын образы менен кеңири таанылган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG