Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:31

Кытай Орусияга микроэлектроника жеткирүүнү кескин көбөйттү


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Си Цзинпин менен жолугушууда, 9-апрель, 2024-жыл.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Си Цзинпин менен жолугушууда, 9-апрель, 2024-жыл.

Кытай Орусияга станокторду, микроэлектроника жана башка технологияларды сатууну кескин көбөйттү, маалыматтар боюнча ал жабдуулар Украинага каршы согушта колдонулуп жатат. Бул тууралуу Associated Press АКШ президентинин администрациясынын эки кызматкерине таянуу менен жазды.

Орусия 2023-жылы ракета, танк жана учак өндүрүү үчүн колдонгон микроэлектрониканын 90 пайызын Кытайдан сатып алганы болжолдонууда.

Өткөн жылдын акыркы үч айында Орусия 900 млн долларга сатып алган жабдуулардын дээрлик 70 пайызы Кытайга туура келет.

Мындан тышкары, Кытай Орусияга ок-дарыларды жасоодо колдонулган нитроцеллюлозаны, танктарга жана чопкутталган транспортерлорго керектелчү оптикалык компоненттерди, дрондор менен учкучсуз учактар үчүн кыймылдаткычтарды сатат. Мындан тышкары, Кытай жана Орусия компаниялары биргелешип дрон өндүрүүнүн үстүнөн иштеп жатышат, деп билдирет америкалык аткаминерлер.

Орусия Украинага кол салгандан кийинки алгачкы күндөрдө АКШ президенти Жо Байден Кытайдын төрагасы Си Цзинпинге Бээжин Орусияны кыйыр түрдө колдоп жатат деген тынчсыздануусун билдирген.

2024-жылдын апрелинде каржы министри Жанет Йеллен Бээжинге барганда Кытай банктарын Орусияга аскердик жана кош багыттагы товарларды экспорттоого жардам бергени үчүн санкция киргизилиши ыктымалдыгын айткан болчу.

Буга чейин АКШ Орусияга экспорттоого тыюу салынган товарларды сатканы үчүн бир нече кытай компаниясына санкция киргизген.

Кытай Орусияга курал-жарактан жана аскер жагынан жардам бербестигин, бирок экономикалык байланыштар сактала берерин айтып келатат. Кытайдын банктары чектөөгө алынган орус компанияларын тейлөөнү кыскартканы белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG