Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Азия чемпионатында бүгүн кыз-келиндер күч сынайт


Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу 12-апрелде Бишкекте өткөн мелдеште экинчи ирет Азия чемпиону болду.
Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу 12-апрелде Бишкекте өткөн мелдеште экинчи ирет Азия чемпиону болду.

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында бүгүн кыз-келиндер арасындагы беттештер башталды. Мелдештер “Бишкек Арена” спорт комплексинде уланууда.

Бүгүн медалдардын беш топтому ойнотулат. Кыргызстандын атынан төрт кыз килемге чыгмакчы. 55 килограмм салмакта Арууке Кадырбек кызы, 59 килограммда Таңчолпон Кыбалбекова, 68 килограмм салмакта Гулнура Таштанбекова жана 76 килограммда Айпери Медет кызы күч сынайт.

Бишкектеги Азия чемпионатында Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы бир алтын, бир күмүш жана эки коло байгеге ээ болуп, жалпы командалык эсепте Иран, Жапониядан кийинки үчүнчү орунда келатат.

Кечээ, 12-апрелде кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу алтын медал утту. Кечээ 125 килограмм салмакта күрөшкөн Айаал Лазарев дагы Кыргызстандын эсебине күмүш алып берди.

11-апрелде болсо балбандар Улукбек Жолдошбеков (65 кг) менен Алибек Осмонов (70 кг) коло медал жеңишкен.

Азия чемпионаты 16-апрелге чейин уланат. Мелдешке Азиянын 30 мамлекетинен алты жүздөй спортчу катышууда. Алардын арасында Азиянын, Олимпиаданын жана Дүйнөнүн чемпиондору бар. (КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG