Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:27

“Дөө Чыңгыздын” өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты


Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө шектүүлөр сот залында. 16-март, 2023-жыл.
Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө шектүүлөр сот залында. 16-март, 2023-жыл.

12-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча өкүм чыгарды.

Судья Кубанычбек Касымбеков мурда жети жылга соттолгон, кылмыш чөйрөсүндө №1 тергөө абагынын (№21 мекеме) “положенеци” атыккан Данияр Шүкүровду 18 жылга, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталып, 2022-жылы 14 жылга соттолгон Санжар Сапарбековду 17 жылга абакка кесип, 15 миң сом айып пул салды.

Эрнис Кубанычбеков менен Мухаммед Замирбеков 13 жылга, Сыймык Биримкулов 20 жылга кесилди. Ал эми Чыңгыз Жумагулов менен бир камерада отурган Дооронбек Асанбек уулу 10 жылга соттолду.

Чыңгыз Жумагулов 2022-жылы 30-июлда №21 абактын (Бишкектеги №1 тергөө абагынын) бөлмөлөрүнүн биринде бычакталып каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнүн маалымдаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жумагуловду 2022-жылы 15-июлда опузалап акча талап кылган деген негизде кармаган. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту аны 7-сентябрга чейин №21 абакта кармоо чечимин чыгарган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG