Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Сот Сокулукта таза суу талап кылган акцияда кармалгандарды актады


Блогер Эртай Искаков (ортодо) жана Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев, Бактыбек Бекболотов. Архив.
Блогер Эртай Искаков (ортодо) жана Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев, Бактыбек Бекболотов. Архив.

Бүгүн, 12-апрелде Чүй облустук соту Сокулук районундагы Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып кармалгандар боюнча чечим чыгарып, бул иште айыпталган үч жаранды тең актады. Бул тууралуу “Азаттыкка” алардын бири, блогер Эртай Искаков билдирди.

Былтыр 20-ноябрда Сокулук райондук сотунун чечими менен Эртай Искаковго 50 миң сом айыппул салынып, ушул айылдын тургундары Бакыт Балбаевге жана Бактыбек Бекболотовго 100 күндүк коомдук жумушка тартуу жаза чарасы чегерилген.

Анда үчөө тең Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча акталышкан, ал эми "Жолдорду мыйзамсыз тосуу" беренеси боюнча айыптуу деп табылган.

Адвокаттар бул чечимге каршы экенин айтып, Чүй облустук сотуна кайрыларын билдиришкен.

Былтыр июлдун башында Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары аптапта суу жоктугуна нааразы болуп, Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан.

Нааразылык акциясына катышкан бир нече кишини милиция 15-июлда суракка чакырган.

Алардын арасынан митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаков, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов камакка алынган. Үчөөнө тең "жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган" деген берене менен иш козголгон. 20-сентябрда алар сот чечими менен үй камагына чыгарылган.

Кармалгандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпка макул болгон эмес. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG