Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Сүрөтчү Замир Илиповдун “Манас” үчилтиги боюнча көргөзмөсү ачылды


Замир Илиповдун Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде ачылган сүрөт көргөзмөсү. 12.04.2024-ж.
Замир Илиповдун Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде ачылган сүрөт көргөзмөсү. 12.04.2024-ж.

12-апрелде Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк жана Улуттук күнүнө карата сүрөтчү-график Замир Илиповдун “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” аттуу альбом-китебинин бет ачары жана жеке көргөзмөсү ачылды. Маданий саамалык Кыргызпатенттин колдоосу менен ишке ашты.

Көргөзмөгө сүрөтчүнүн 120 эмгеги коюлду. График “Комикс” китебинин ичиндеги сүрөттөрдү кенже класстагы балдарга ылайыкташтырып тарткан.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева иш-чарада сөз сүйлөп, быйыл Швейцариянын Женева шаарында 193 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан “Манас жана Чыңгыз” көргөзмөсү уюштуруларын, ага Замир Илиповдун да китептери тандалып алынганын маалымдады.

Замир Илипов.
Замир Илипов.

46 жаштагы Замир Илипов академик Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт академиясынан билим алган. 2014-жылдан бери аталган окуу жайда эмгектенет.

2011-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты болгон.

2019-жылы “Манас” эпосу “Сүрөттүү Манас” деген аталышта комикс вариантында чыккан. Китепти Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев жазып, сүрөтүн Замир Илипов тарткан. Чыгарманын бет ачарын “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду уюштурган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG