Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Оренбургда суу ташкындан жабыркаган кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда


Орусиянын Оренбург облусундагы суу ташкындын кесепети. Дрон менен тартылган сүрөт. 11-апрель, 2024-жыл.
Орусиянын Оренбург облусундагы суу ташкындын кесепети. Дрон менен тартылган сүрөт. 11-апрель, 2024-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Оренбург облусунда суу ташкындан жабыркаган кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жатканын билдирди. Бул тууралуу дипломатиялык мекеме 12-апрелде “Азаттыкка” маалымдады. Ага ылайык, азырынча элчиликке жардам сурап кайрылгандар боло элек.

Кыргызстандын Оренбургдагы мурдагы ардактуу консулунун алдын ала маалыматы боюнча суу каптоодон жабыркаган кыргызстандыктар каттала элек.

12-апрелдин таңында Оренбург облусундагы Урал дарыясында суунун деңгээли 11,29 метрге чейин көтөрүлгөн. Кечке маал мындан дагы жогорулап, анан тартылары күтүлүп жатат.

Оренбург облусунун администрациясынын маалыматында айтылгандай, 12 миңден ашуун үй, 15 миңден көп короо-жай суу алдында калууда. Төрт калктуу конушта электр жарыгы жок. Орск калаасындагы суу ташкынга себеп болуп жаткан дамбадагы тешик бүтөлдү. Буга чейин суунун басымы көтөрүлүп, бул ишти аткаруу мүмкүн болбой жаткан.

Суу тартылгандан кийин Орскинин көчөлөрүндө мал-жандыктын тарпы табылууда.

Жалпысынан Оренбург облусунун жабыркаган райондорунан 10 миңден ашык киши коопсуз жактарга көчүрүлдү. 1,5 миңдей киши убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылды.

Бул Оренбург облусундагы эң ири суу ташкындардын бири болуп калды. Суунун көптүгүнөн улам Орскидеги дамба жырылып кеткен. Соңку эсептерге караганда, жаратылыш кырсыгынын кесепети 40 млрд рублге бааланууда.

Андан тышкары Курган, Томск, Тюмен, Кемеров облустарынан дагы суу ташкынга байланыштуу жергиликтүү калкты эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. Кошуна Казакстандын он облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Жүз миңдей киши жабыркаган аймактардан коопсуз жактарга көчүрүлдү. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG