Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

Сот 15 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган адамды актады


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

12-апрелде Бишкектин Свердлов райондук соту 15 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган адамды толук актады. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучу тараптын адвокаты Айсулуу Ибраимова билдирди. Ал соттун өкүмүнө макул эмес экенин, чечимди толук алган соң кийинки инстанцияга арыз берерин айтты.

Бул иш боюнча 4-апрелде акыйкатчы Жамиля Жаманбаева кайрылуу жасап, мамлекеттик органдарды сотто өспүрүмдүн укугун камсыздоого чакырган.

Жабырлануучу кыздын атасынын Акыйкатчы институтуна берген маалыматына караганда, 2022-жылы 7-декабрда 2007-жылы туулган кызы мектепке кеткен бойдон үйүнө келген эмес. Алар ошол эле күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

9-декабрда милиция кызматкерлери кыздын уюлдук телефону аркылуу болжолдуу жайгашкан жерин табышкан. Издөө иштеринин жыйынтыгында кыз Бишкектеги Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен табылган. Ал батирде эки жигит жана дагы бир кыз болгон. Милициянын бөлүмүндө кыз кармалгандардын бири аны зордуктаганын айткан. Кыздын атасы бул иш боюнча милицияга арыз жазган, бирок кылмыш башка райондо болгондуктан, иш Свердлов райондук милициясына өткөрүп берилген. Ал эми кылмышка шектүү дароо кармалган. Кыз табылган үйдө тинтүү иштери жүргүзүлүп, далил заттар алынган.

Тергөөдө милиция шектүүнү Казакстанда жүргүзүлгөн экспертизанын талаштуу корутундусуна таянып коё беришкени кабарланган.

Кыргызстанда кыз-келиндерге жасалган зордук-зомбулук фактылары байма-бай катталып, айрымдары өлүм менен аяктайт. WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун рейтингинде Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкө деп табылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG